Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:58

Ош, Баткенге газ берүү убактылуу үзгүлтүккө учурады


Ошко жана Баткендин айрым аймактарына газ берүү кайрадан калыбына келтириле баштады. Бул тууралуу "Азаттыкка" "Кыргызгаз" ишканасынын жетекчи орун басары Евгений Орленко билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын газ компаниясы Кыргызстандын мурда пайдаланган газы үчүн топтолгон 80 миң долларлык карызын жоюуну талап кылып өткөн түнү Ош жана Баткенге кетчү газды өчүрүп койгон. Орленко бул карыз толугу бойдон төлөнгөнүн жана учурда өчүрүлгөн аймактарга газ кайрадан бериле баштаганын билдирди. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG