Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:23

Индияда 20 окуучу бекер тамакка ууланып өлдү


Индияда түшкүсүн бекер тамак ичкен 20 бала көз жумду. Өлкөнүн чыгышындагы Бихар штатында каза тапкан 8ден 11 жашка чейинки балдардын жакындары көчөдө полиция менен кагылышты.

Патна шаарынан 80 чакырым түндүктөгү Масрах айылындагы мектепте шейшемби күнү ууланды деп шектелген дагы ондогон бала ооруканада кала берүүдө.

Бийлик өкүлдөрү билдиргендей, алдын ала иликтөөдө балдар ичкен тамактан күрүч менен буудайды көпкө сактоо үчүн колдонулган фосфор табылды. Бир азык-түлүк инспектору иштен четтетилди, мектеп директоруна кылмыш иши козголду.

Индияда көптөгөн штаттар жарды балдарды түштө бекер тамактандыруу программасын баштаган. Өлкөдө балдардын тойо тамактанбаганы эң талылуу саламаттык көйгөйлөрүнүн бири болуп саналат.

XS
SM
MD
LG