Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:16

БУУ элчиси: Ирак, Сирия жаңжалдары биригип баратат


БУУнун элчиси Ирак, Сирия жаңжалдары бир жаңжалга айланып баратканын эскертти.

БУУнун Ирак боюнча иштен кетип жаткан элчиси Ирактагы кан төгүүнүн өсүшүн коңшулаш Сириядагы ички жаңжал менен түшүндүрдү. Мартин Коблер БУУнун Коопсуздук кеңешинде сүйлөп, Ирактагы куралдуу топтор барган сайын Сирияда да активдешип жаткандыгын билдирди.

Коблер 3 миңдей кишинин каны төгүлгөн акыркы төрт ай Иракта соңку беш жылдагы эң кандуу мезгил болуп калганын кошумчалады. Иракта иштеген акыркы эки жылын эскерип, Коблер Германия менен Албаниянын 300 чакты жаранды кабыл алууга макул болгондугун билдирди.

XS
SM
MD
LG