Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:48

Бакыт Тагаевдин өлүмү боюнча нааразылык акциясы БУУнун алдында уланат


Акция бүгүн БУУнун адам укугун коргоо комитетинин Бишкектеги өкүлчүлүгүнүн алдында уланарын укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров “Азаттыкка” билдирди.

Токтонасыров буга чейин бир нече жолу кыргыз жаранын өлтүргөн өзбек чек арачыларын жазага тартууга жана Өзбекстандан каза болгон жарандын үй-бүлөсүнө материалдык компенсация төлөтүүгө жардам берүүнү суранып келген.

Өзбек чек арачыларынын огунан мерт болгон баткендик Бакыт Тагаевдин апасы, жесири жана беш баласы адам өлтүргөн аскерди жазалап, маркумдун үй-бүлөсүнө кун төлөп берүүнү талап кылып кечээ Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдына пикетке чыгышкан. Аларды вице-премьер-министр Токон Мамытов кабыл алды. Вице-премьер-министр берген маалыматка ылайык, Бакыт Тагаевди өлтүргөн үч чек арачыны Өзбекстандын прокуратурасы кылмыш ишин козгоп, камакка алган, эми өзбек тарап ишти Минск конвенциясы боюнча эки айдын ичинде Кыргызстандын Башкы прокуратурасына өткөрүп берет. Токон Мамытов ошондой эле Тагаевдин үй-бүлөсүнө материалдык жардамды чечүүнү кыргыз өкмөтү мойнуна алганын, ал эми маркумдун талкаланган унаасын өзбек тарап төлөп берүүнү убада кылганын билдирген. Бул тууралуу "Азаттыкка" Бакыт Тагаевдин жакындары менен кошо вице-премьердин кабылдамасында болгон укук коргоочу Чыңгыз Абдымомунов маалымдады.

20-июнга караган түнү Кадамжайдын кыргыз-өзбек чегинде жайгашкан Сары-Алтын айылына өзбек чек арачылары кирип келип, 37 жаштагы Бакыт Тагаевди үйүнүн короосунда атып кетишкен.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG