Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:08

“Кыргызгаз” ишканасын сатуу боюнча келишим жакынкы күндөрү түзүлөт


Аталган ишкананын жетекчиси Тургунбек Кулмурзаевдин кечээ маалымат жыйынында билдиргендей, “Кыргызгаз” ишканасын Орусиянын “Газпром” компаниясына сатуу тууралуу келишимге алдыдагы он күн ичинде Кыргызстан менен Орусиянын өкмөттөрү кол коет. Андан кийин келишим Жогорку Кеңеш тарабынан ратификациялануусу керек. Кулмурзаевдин айтуусунда кыргыз тараптан келишимге Энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев кол коюусу күтүлүүдө.

“Кыргызгаз” ишканасын 2 млрд. сом карызы менен кошо Орусиянын “Газпром” ишканасы 1 долларга сатып алмакчы. Өткөн жумада Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев бул тууралуу келишимдин долбоорун бекиткени кабарланган. Ал эми кыргыз өкмөтү тарабынан келишим 27-июнда бекитилген. Келишим долбоорунда айтылгандай “Газпром" Кыргызстандын газ менен тейлөө тармагын модернизациялоого жана кеңейтүүгө беш жыл ичинде 20 миллиард рубль инвестиция салат. Ошондой эле келишимге ылайык, "Газпром" Кыргыз өкмөтү орноткон баа саясатын карманат жана керектөөчүлөрдү көгүлтүр отун менен үзбөй камсыздоого милдеттендирилет.

“Кыргызгаздын” маалыматы боюнча, Кыргызстан жылына 1 миллиард куб метр газ жагат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG