Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:11

Москвада үч кыргызстандык жаран камалды


Аларды Москва полициясы каракчылык кылган деген шек менен кармаганын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигинен “Азаттыкка” тастыкташты. Маалыматка ылайык, 11-июль күнү таңкы саат 4:30 чамасында Москвадагы кафелердин биринде официантты бычактап коюшкан, ошондой эле кассадан 30 миң рубль алып кетишкен деген шек менен Кыргызстандын үч жараны камакка алынган. Алар: 19 жаштагы Сагынбек уулу Адилет, 21 жаштагы Ишенкул уулу Азат, ал эми үчүнчүсүнүн аты-жөнү такталууда.

Такталбаган маалыматтар боюнча Москвада окуп, иштеп, жашап жүргөн кыргызстандыктардын саны 500 миңге чукул.(ZKo)

XS
SM
MD
LG