Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:50

Орусиялык оппозиционер Навальный беш жылга кесилди


Бүгүн Орусиянын Киров шаарында Ленин райондук соту оппозициялык лидер Алексей Навальныйды беш жылга кесип, бул мөөнөттү жалпы тартиптеги абакта өтсүн деген өкүм чыгарды. Навальныйды жана аны менен кошо соттолгон ишкер Петр Офицеровду сот залынан камакка алып кетишти.

Ишти караган судья Сергей Блинов кечээ Навальныйдын "бул иш саясый куугунтук" деп айтканы негизсиз экенин билдирген болчу. Бүгүн Навальный "башка бирөөнүн ири өлчөмдөгү мүлкүн коротуп уурдоону уюштурган" деп соттолду. Өткөн жумада айыптоочу оппозициялык активистти “Кировлес” ишканасын уурдап-тоноого катышы бар деген айып менен алты жылга эркинен ажыратууну сураган.

Кечээ болсо Москва шаардык шайлоо комиссиясы оппозиционерди баш калаанын мэрлигине талапкер катары каттаган. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG