Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:29

Чек арада өлтүрүлгөн жарандын үй-бүлөсүнө өкмөт жардам берет


Баткенде өзбек чек арачылары өлтүргөн кыргызстандык жаран Бакыт Тагаевдин үй-бүлөсүнө пенсия жана жөлөкпул берүү маселеси азыркы кезде кыргыз өкмөтүндө каралып жатат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" вице-премьер-министр Токон Мамытов билдирди. Анын айтымында, учурда бул окуя боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Өзбек чек ара жетекчилиги кылмыш иш козголгонун, кылмышка шектүү чек арачы кызматынан четтетилип, камакка алынганын жана компенсация боюнча жоопту тергөө аяктагандан кийин гана берээрин билдирүүдө.

Кечээ Бакыт Тагаевдин апасы, жесири жана беш баласы адам өлтүргөн аскерди жазалап, маркумдун үй-бүлөсүнө компенсация төлөп берүүнү талап кылып Бишкекте Өзбекстандын Кыргызстандагы элчилигинин алдында нааразылык акциясына чыккан.

Өткөн айда Баткендин Кадамжайында кыргызстандык Бакыт Тагаевди өзбек чек арачылары атып өлтүргөн. Өзбек тарап чыр Бакыт Тагаев Өзбекстандын аймагында мыйзам бузгандыктан келип чыккан деген. Бирок кыргыз тараптын расмий билдирүүлөрүндө Тагаев өз жеринде, чек арадан 500 метр ичкери аймакта өлтүрүлгөнү айтылууда. (RK)

XS
SM
MD
LG