Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:59

Нелсон Мандела 95ке чыкты


Түштүк Африка республикасынын мурдагы президенти, апартеидге каршы күрөшүп келген укук коргоочу, Нобел сыйлыгынын лауреаты Нелсон Мандела бүгүн 95 жашка чыкты. АКШ президенти Барак Обама 1,5 айдан бери ооруканада жаткан Манделага куттуктоо катын жолдоп, анын эмгеги жана басып өткөн өмүр жолу башкаларга өрнөк болууга тийиш экенин айтты.

Өлкө жетекчилигинин билдиргенине караганда, соңку күндөрү Нелсон Манделанын абалы бир аз жакшырып калды. 8-июнда ал өпкөсү ооруп начар абалда Претория ооруканасына жаткырылган.

Бириккен Улуттар Уюму Түштүк Африка республикасынын алгачкы президентинин урматына 18-июлду Нелсон Манделанын эл аралык күнү деп жарыялаган болчу. (RK)

XS
SM
MD
LG