Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:30

Орусия Башкы прокуратурасы: Навальныйдын камалышы мыйзамсыз


Башкы көзөмөл органы кечээ Кировдогу райондук сот тарабынан 5 жылга эркинен ажыратылган Алексей Навальный менен 4 жылга эркинен ажыратылган Петр Офицеровдун сот залынан камалышы мыйзамсыз деп билдирди. Маалыматка ылайык апелляциялык жараян аягына чыкмайынча, аларды камоо туура эмес. Башкы прокуратуранын буга байланыштуу доо арызы бүгүн сотто каралат.

Ал аралыкта Москвада полиция Навальныйды колдоп жүрүшкө чыккандарды кармады. Москвадагы Манеж аянтынын жанында “Путин ууру” деп кыйкыргандардын тобу да камакка алынды.

Нааразы болгондор Кремлге баруучу Тверь көчөсүн азыраак убакытка тосууга жетишти. Оппозициянын үйү саналган Болотная аянты да жабык болду. Ошондой эле Навальныйга чыгарылган сот чечимине нааразы болуп чыккандардын 30 чактысы Санкт-Петербургда камакка алынганы кабарланды.

Оппозициялык активист Алексей Навальныйга карата чыгарылган сот чечимине нааразы болгондор Калининграддан Владивостокко чейин кеминде 25 митинг өткөрүштү.

XS
SM
MD
LG