Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:46

Навальныйга чыгарылган сот чечими Батыштын сын-пикирин жаратты



Бейшембиде Акүй Навальныйга чыгарылган сот чечими “жарандык коомду кысуу тенденциясынын бир бөлүгү” деп билдирди. АКШ Мамлекеттик департаментинин басма сөз өкүлү Мари Харф:

- Навальный менен Офицеровго чыгарылган катаал өкүм Орусияда бийликтин көз карашынан айырмаланган пикирлерди, жарандык коом өкүлдөрүн куугунтуктоонун акыркы гана мисалы. Бул тенденция абдан тынчсыздандырат.

Кечээ Евробиримдиктин Тышкы иштер министри Кэтрин Эштон билдирүү таратып, “бул өңдүү өкүм Орусиядагы мыйзам үстөмдүгү жөнүндө олуттуу суроолорду жаратат” деп айткан.

Орусиядагы оппозициялык активист Алексей Навальный бейшембиде Кировдогу райондук сот тарабынан “Кировлес” ишканасын уурдап-тоноого катышы бар деп айыпталып, беш жылга эркинен ажыратылды. Президент Путиндин бийлигин такай сындап келген оппозиционер өзүнө каршы козголгон кылмыш ишин саясий куугунтук катары баалап келет.

XS
SM
MD
LG