Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:02

Ош шаардык соту “Харакат.нет” интернет сайтын чагымчыл деп тааныды


Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча үстүбүздөгү жылдын май-июнь айларында аталган сайтка кыргыз-өзбек элдеринин ортосуна нааразылык жаратуучу макалалар өзбек тилинде жарык көргөн. ОшМУнун атайын эксперттик корутундусу “Харакат.нет” сайтында жарыяланган макалалар эки элдин ынтымагына доо кетирүүчү мааниде экенин аныктаган. Ушундан улам аталган сайтка жарык көргөн макалалар эки элди кагыштыруу максатында, сепаратисттик багытта экенин эске алуу жана өлкөнүн улуттук коопсуздугун камсыздоо максатында Ош облустук прокуратурасы “Харакат.нет” сайтын мыйзамсыз деп табууну жана аны Кыргызстандын аймагында ачылышына тыюу салууну сурап, Ош шаардык сотуна кайрылган.
Башкы прокуратура УКМК тарабынан сайтка жарыяланган макалалар боюнча “Улуттар аралык, расалык, диний жана аймак аралык кастыкты козутуу” беренеси боюнча кылмыш иши да козголгонун кабарлады.(ZKo)

XS
SM
MD
LG