Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:21

USAID аксуулук дыйкандарга жардам берүүдө


АКШынын Эл аралык өнүгүү боюнча USAID уюму Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда картошка өстүргөн дыйкандарга жардам берип жатат. Аталган райондогу эң алдыңкылардын бири деп эсептелген "Заря" үрөн чарбасына керектүү заманбап техника жана жабдуу бөлүнүп берилген. Мындай жардам алган чарбалардын жалпы саны 14. Кечээ "Заря" чарбасында атайын акция уюштурулуп,ага облуста картошка айдаган 80ге жакын дыйкан чакырылды. Аларга мыкты продукция чыгарып, бизнесин өнүктүрүүнүн мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири маалымат берилгенин "Азаттыкка" USAID каржылаган Агробизнести өнүктүрүү долбоорунун координатору Жылдыз Ниязалиева билдирди.

Көл аймагында картошка негизги айыл чарба өсүмдүктөрүнүн бири болуп эсептелет. Дыйкандар өндүргөн продукциясынын көпчүлүк бөлүгүн мурда коңшу Казакстандан келген ортомчулар дүңү менен алып кетчү. Бирок 2010-жылдын апрел окуясынан кийин чек ара жабылып, алардын ишине тоскоолдуктар жаралып, картошка мурдагыдай сатылбай калганын дыйкандар айтып келет. (RK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG