Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:40

Нарында экстремисттик топтун мүчөсү деп шектелген адам кармалды


Нарында тыюу салынган “Хизб-ут Тахрир” диний-экстремисттик уюмдун мүчөсү деп шектелген адам кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин маалымат кызматы билдирди.

Кабарларга караганда, Кыргызстандын жараны, уюмдун мүчөсү жарандык никеде жашаган жубайын уюмга киргизүү үчүн коркутуп, уруп келген. Факт боюнча коопсуздук комитетинин Нарын облустук башкармалыгынын тергөө тобу Кылмыш кодексинин “денеге атайын жеңил залака келтирүү”, “улуттар аралык, расалык, диний же аймактык жаңжалды козгоого багытталган уюшкан иш аракет” деген беренелеринин негизинде кылмыш ишин козгоду. Тергөө иши жүрүп жатат. (AKu)

XS
SM
MD
LG