Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:37

Египетте кагылышууда үч киши набыт болду


Египеттеги Эл-Мансура шаарында бийликтен кеткен президент Мухаммед Мурсинин тарапкерлери жана каршылаштары кагылышып, эки аял жана бир бала набыт болуп, дагы сегиз киши жараат алды.

Кечээ Египеттин бир нече шаарында Мурсинин бийликке келишин талап кылган демонстрациялар өттү.

Бүгүн эртең менен Тахрир аянтында Мурсинин миңдеген каршылаштары чогулду. Тахрирдин үстүнөн учкан аскердик тик учактардан демонстранттарга Египеттин улуттук желектери ыргытылганы кабарланууда.

Мухаммед Мурсини элдик нааразылыктан улам армия 4-июлда бийликтен оодарган. Мурси азыр кайда экени белгисиз. Акыркы күндөрү аны колдогон “Мусулман агайындар” исламчыл кыймылынын бир нече мүчөсү камалды.

Бириккен улуттар уюмунун адам укуктары боюнча департаментинин жетекчиси Нави Пиллэй Египеттин жаңы бийлигинен Мурсини камоо үчүн негиздерди талап кылды.

Төрт күн мурун Мухаммед Мурсинин каршылаштары менен тарапкерлери кагылышып, жети киши набыт болгон. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG