Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:46

Израил бир нече палестиналыкты түрмөдөн чыгарат


Израил палестиналыктар менен тынчтык сүйлөшүүлөрдү кайра баштоо максатында камактагы бир нече адамды бошотот. Бул тууралуу Израилдин эл аралык мамилелер, стратегиялык суроолор жана чалгындоо министри Ювайл Штайниц билдирди. Бул качан ишке ашаарын жана канча адам бошотулаарын министр тактаган жок, бирок эркиндикке чыкчулардын арасында он жылдап түрмөдө отургандар бар экени белгилүү болду.

Израилдеги Бецелем тартип коргоо уюмунун маалыматы боюнча өлкөдөгү түрмөлөрдө 4700дөн ашуун палестиналык отурат.

Мунун алдында АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри израилдиктер менен палестиналыктар тынчтык сүйлөшүүлөрүн баштоо боюнча утурумдук макулдукка жетишкенин кабарлаган.

Керринин айтымында, жакынкы убакта Вашингтондо эки тараптын жолугушуусу болот. (AiK)

XS
SM
MD
LG