Ысык-Көлдө суучул куткаруучулардын Экинчи эл аралык машыгуусу өттү. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суу алдындагы жумуштар боюнча адистер кызматы Чолпон-Ата шаарында машыгуу уюштурду.
Анда Жарандык коргонуу боюнча эл аралык уюмга кирген өлкөлөрдүн чукул кырдаалдар кызматына суу алдындагы адистерди даярдоо, тажрыйба алмашуу жүрдү.
Машыгууга эл аралык уюмдун 9 мүчө өлкөсү - Судан, Марокко, Ливан, Грузия, Молдова, Азербайжан, Армения, Монголия жана Казакстандын өкүлдөрү келди. Иш-чара былтыр да өткөн. (AKu)