Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:56

“Мейкин Азия” фестивалы жыйынтыкталды


Аймактагы кабарчыбыз билдиргендей, Чолпон-Ата шаарында үч күнгө созулган фестивалдын жыйынтыгында баш байгени казакстандык ырчы Димаш Кудайбергенов алып, 5 миң доллар сыйлыкка ээ болду. Сыйлыкты премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев тапшырды. Биринчи орунга украиналык ырчы Владислав Левицкий, экинчиликке Кыргызстандан Ислам Акматов, Куралбек Чокоев жана тажик ырчысы Сабина Шамсед ээ болду. Үчүнчүлүктү болсо армениялык Ани Оганесян, орусиялык Христина Дорошенко жана кыргызстандык жаш ырчы Адилет Азим уулу бөлүштү.

Ысык-Көлдө быйыл өткөрүлүп жаткан бул эл аралык фестивалга Кытай, Түркия, Түштүк Корея, Куба, Филиппин жана КМШ мамлекеттеринен - жалпысынан 17 өлкөдөн ырчылар катышты. Аны уюштурууга өкмөт 5 миллион сом кеткени кабарлады.(BkA\MK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG