Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 02:26

Бишкекте Сабантуй майрамы белгиленди


Бүгүн кыргызстандык татарлар борбор калаанын Кара-Жыгач токойунда улуттук Сабантуй майрамын белгилешти. Бул тууралуу майрамдын уюштуруучулардын бири, “Татар достук үйүнүн” жетекчиси Ирек Шарипов билдирди. Анын айтымында, быйылкы майрамдык иш-чара кыргыз-татар-орус достук бирикмесинин жана Орусиянын Бишкектеги элчилигинин колдоосу менен уюштурулду. Ага 500гө жакын адам катышып, ар кыл спорттук мелдеш, маданий иш-чаралар менен коштолду.

Сабантуй татарларда кош бүткөндөн кийин адатта июнь айында майрамдалат. Бирок быйыл Татарстандагы Дүйнөлүк универсиада ушул айга туш келип калгандыктан, татар диаспоралары аны июль айына которууну чечишкен.
Кыргызстанда бул майрам 1989-жылдан бери өткөрүлүп келатат. Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда 30 миңден ашык татар улутундагы жаран жашайт. (ТТо)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG