Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:50

Бельгия падышасы тактан баш тартты


Бельгиянын падышасы Альберт II 20 жылдан кийинки башкаруудан соң тактан баш тартып, бийликти баласы канзаада Филиппке өткөрүп берди. Тактан баш тартуу салтанаттуу аземи жекшемби күнү Брюссельдеги Падыша сарайында өттү. Ишемби күнү өзүнүн акыркы кайрылуусунда падыша элди биримдикке чакырып, уулуна колдоо көрсөтүүнү суранды.

Июлдун башында 79 жаштагы Альберт II жашына байланыштуу тактан баш тартуу ниетин билдирген.

Канзаада Филипп Бельгиянын жетинчи падышасы болмокчу. Бельгияда - конституциялык монархия. (AiK)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG