Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:20

Жаңы Зеландияда жер титиреди


Жаңы Зеландияда бүгүн эртең менен жер катуу силкинип, анын магнитудасы 6,9 баллга жетти. Цунами коркунучу жок экендиги кабарланууда, азырынча жабыр тарткандар же бузулган имараттар тууралуу маалымат жок.

Жаңы Зеландиянын Жарандык коргоо министрлигинин маалымат катчысы Брюс Пепперелл Веллингтондогу жер титирөө тууралуу буларды айтты:

- Жер титирөөнүн залакасы болот, айрым адамдар лифттерде калышыптыр. Бирок оор кыйроо болгон жок.

XS
SM
MD
LG