Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:41

Кыргыз-казак чек арасын тактоо сүйлөшүүсү башталат


Бүгүн Бишкекте кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын жолугушуусу башталат. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн чек ара аймактарын өнүктүрүү жана чек араны тактоо боюнча бөлүмүнүн башчысы Курбанбай Искандаров кабарлады. Анын айтымында, жолугушууда Таластагы Көк-Сай айылындагы талаштуу аймак боюнча маселе каралат. Буга чейин аталган айылдын тургундары 11 күн Жамбылга кетчү сугат каналды бууп турушкан. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган айылдагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алуу талабын коюшкан. Буга нааразы болгон Бишкектеги казак элчилиги билдирүү таратып, каналдын буулуп турушун тартип бузуу деп атаган болчу. Искандаров билдиргендей, бул жолугушууда эки тарап Көк-Сай аймагындагы жайыттар боюнча келишимди кайра карап чыгууну көздөөдө.

1241 чакырымды түзгөн Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын делимитациялоо же тактоо 2008-жылы аяктаган. Учурда эки өлкө ортосунда чек ара белгилери орнотулуп бүтө элек саналуу участоктор бар.(BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG