Линктер

бейшемби, 23-март, 2017 Бишкек убактысы 08:57

“Тур-де-Франс” веложарышы аяктады


Британиялык Крис Фрум жүзүнчү ирет өтүп жаткан “Тур-де-Франс” веложарышынын жеңүүчүсү болду. Ал атаандаштарынан ат чабым озуп, жакынкы атаандашынан төрт жарым мүнөт айырма менен алдыга келген. 28 жаштагы Фрум Кенияда төрөлгөн. Бирок бир канча жыл мурун Европага көчүп келип, учурда Sky командасы үчүн жарышып жүрөт. Бул жарышта экинчи болуп “Тур-де-Франска” алгач ирет катышкан колумбиялык велоспортчу Наиро Кинтана келди. Үчүнчүлүккө испаниялык Хаоким Родригес ээ болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG