Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:16

Алты айда 403 миң тонна көмүр казылды


Бул тууралуу “Кыргызкөмүр” мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Нарынбек Сатыбалдиев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаев менен жолугушкан учурда билдирди. Анда колдонуучулардын карызы, жолдун начардыгы сыяктуу маселелер талкууланды. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Сатыбалдиев бир жылда 1 млн. 3 миң тонна көмүр казуу пландалып жатканын кошумчалады. “Учурда көмр казуу электр энергиясынан кем калбаган маселе болууда. Бул тармакты өнүктүрүүгө шарт түзүү зарыл”, - деди Артыкбаев.

Кыргызстан жылына 2-2,5 млн. тонна көмүр керектейт. Көмүр запасынын көп экендигине карабастан, Кыргызстан Казакстандын көмүрүнө көз каранды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG