Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:31

Апрель сотунда дагы чыр чыкты


Апрел окуясы боюнча сотто жабырлануучулардын адвокаты Осунбек Жамансариев соттолуучу Сергей Цигельниковдун баш коргоо чарасын өзгөртүүнү өтүндү. Бул өтүнүчтү мамлекеттик айыптоочулар да колдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жамансариев өзү кабарлады. Анын айтымында, өтүнүч келтирген убакта Цигельников жабырлануучулардын кыжырына тийген сөз айткан. Ошол учурда сот залында кыйкырык-өкүрүк орун алды. “Жаңжалда келтирилген чыгымдарды төлөп берүүгө аракет кылып чуркап жатабыз. Ошол эле учурда Цигельников да жазасын алсын. Баш коргоо чарасын өзгөртүү анын коопсуздугуна жакшы. Анткени жабырлануучулар ар кандай нерсеге даяр турушат”, - дейт Жамансариев. Учурда сот адвокаттын өтүнүчүн кароо үчүн кеңешүүгө кирип кетти.

17-июлда да апрель окуясы боюнча сотто жаңжал чыгып, он аскер кызматкери жабыркаган. Чыр соттолуучу Сергей Цигельников залда отурган жабыркагандарга колу менен кемсинтүүчү белги жасагандыктан чыкканы айтылган.

2010-жылдын 7-апрелинде Ак үй алдында токсонго жакын кишинин өлтүрүлүшү боюнча мурдагы бийлик тушунда президентке жакын кызматтарды ээлеген айрым аткаминерлер жана күзөт кызматкерлери соттолууда. Алар өзүлөрүн күнөөсүз экенин айтып келет. (КЕ)

XS
SM
MD
LG