Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:15

Нариман Түлеевди 15 жылга эркинен ажыратуу суралды


Башкы прокуратурадан бүгүн билдиришкендей, өткөн аптада соттук териштирүү маалында мамлекеттик айыптоочулар “Ата-Журт” фракциясынын депутаты, Бишкек шаарынын мурунку мэри Нариман Түлеевди 15 жылга эркинен ажыратууну сурады. Мэриянын калган 5 кызматкерин 9 жана 15 жылга эркинен ажыратуу суралды. 26-июлда Түлеев соттогу акыркы сөзүн сүйлөп, өкүм чыгышы күтүлүүдө.

Түлеев 2008-жылы мэр болуп турганда Кытайдан автобустарды алып келгенде мамлекетке ири көлөмдө зыян келтирген деп айыпталып жатат. Ал былтыр октябрда камакка алынган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG