Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:24

Кадамжай: кыргыз-өзбек чегиндеги суу маселеси чечилди


Кадамжай районуна караштуу Кыргыз-Кыштак аймагындагы Кайтпас айылына Өзбекстандан суу бериле баштады. Бул маселе Кадамжайдын акими Акрамжан Мадумаров Өзбекстандын Риштан районунун акими жана Фергана облусунун Суу чарба башкармалынынын жетекчилери менен жолушкандан кийин чечилди. Мадумаровдун “Азаттыкка” айтымында, ушул тапта Өзбекстандан Кадамжай районуна келүүчү Сох дарыясында секундасына 160 метр куб суу агууда. Кайтпас айылына 12 куб метр суу берилип жатат.

Баткендин Кадамжай районуна Өзбекстандан келүүчү суу каналы 14-июлдан 18-июлга чейин буулуп, Кайтпас айылы суусуз калган. Бул аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу болгону айтылууда. Эл менен жолугушууга барган депутаттар аталган аймакта Өзбекстандан келүүчү суу каналы утур-утур буулуп, эл ичүүчү суудан кыйналып жатканын белгилешүүдө.

Өзбекстандан көз карандысыз болуш үчүн биз ошол аймакка кошумча каналдарды жана суу сактагыч, бассейндерди курушубуз керек. Бул маселе боюнча жетекчилерге кайрылып жатабыз, иштер жүрүп жатат. Учурдагы канал 18 куб метрге гана ылайыкташкан. Ашыкча суу ала албайбыз”, - дейт район акими Мадумаров. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG