Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:07

Ооган парламенти ички иштер министрин кызматтан алды


Ооганстандын парламенти Гулам Мужтаба Патанг ички иштер министри кызматынан алынсын деп чечти. Ага өлкөдө коопсуздук осолдоодо жана ички иштер министрлигинде коррупция күчөдү деген күнөө коюлду.

"Коопсуздуктун абалы өлкө боюнча начар, болочокто дагы осолдойт деп боолгонууда. Мисалы, ордолуу Кабылдан Ганзи, Кандагар жана Гератка кеткен чоң жолдордо коопсуздук начарлап кетти. Бул жолдордо азык түлүк кербендери каракталууда жана өрттөлүүдө”,- деди Наваб Мангал деген депутат.

Президент Хамид Карзай министрди алмаштырууга макул болобу, белгисиз. Себеби, Карзай буга чейин парламент кызматтан алган министрлерди министрдин милдетин аткаруучу деп ордунда калтырган. Келерки апрелде Ооганстанда президенттик шайлоо болот жана НАТО башындагы эл аралык күчтөр өлкөдөн чыгып кетет.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG