Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:05

Карзай Шарифке Пакистанга баруусунун шартын айтты


Ооган президенти Хамид Карзай коңшулаш Пакистандын Исламабадга келип кетүү жөнүндөгү чакыруусуна өз шартын айтты. Карзайдын бүгүнкү билдирүүсүндө Пакистан өкмөтү “терроризмге каршы үзүрлүү жана чечкиндүү күрөшүп, күн тартибинин чордонуна тынчтык жараянын койсо” гана бийик даражалуу делегация Исламабадга барары айтылат. Билдирүүдө ошондой эле, визит үчүн конкреттүү күн тартиби жана жүйөөлүү негиз керек экени белгиленет.

Пакистандын жаңы премьер-министри Наваз Шарифтин чакыруусун жекшемби күнү өлкөнүн тышкы иштер министрлигинин атайын чабарманы Кабылга жеткирген болчу. Коңшулаш эки мамлекеттин мамилеси ушу тапта сууп турган кез. Кабыл Исламабадды талибдерди колдойт деп күнөөлөп жүрөт. Бирок Вашингтон Исламабадды талибдер менен элдешүүдөгү жана Ооганстанда тынчтык орнотуудагы маанилүү оюнчу деп билет.

XS
SM
MD
LG