Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:09

Британиянын канзаадасы Уильям уулдуу болду


Британиянын канзаадасы Уильямдын жубайы Кейт Миддлтон уул төрөдү. Ымыркай дүйшөмбүдө Лондон убактысы боюнча 16.24дө жарыкка келди. Салмагы 3,8 килограмм.

Эне-баланын абалы жакшы, учурда төрөтканада. Канзаада Уильям атасы Чарльздан кийинки тактынын мураскору болуп саналат. Эми анын биринчи перзенти Британ королдугун башкаруу укугу бериле турган үчүнчү адам болуп калды. Бул жаңылыкка кубанган канзаада Уильям “мындан артык бакыт жок” деген кыска билдирүү таратса, атасы канзаада Чарльз тун небересин көргөнү үчүн “бакытка балкып” турганын жар салды.

Британиянын премьер-министри Дэвид Кэмерон королдуктун мураскорунун төрөлүшүн өлкө тарыхы үчүн “маанилүү окуя” деп атаса, АКШ президенти Барак Обама бул кабарга сүйүнгөнүн билдирип, өз куттуктоосун жөнөттү.

XS
SM
MD
LG