Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:08

Кыргыз тилин үйрөтүү борборлору ачылат


Жакындан тарта Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары жана Бишкек шаарында кыргыз тилин үйрөтүү борборлору ачылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашты. Ага ылайык, ушул жылдын 15-сентябрына чейин Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетинин, Ишенаалы Арабаев атындагы мамлекеттик университеттин, Ош, Жалал-Абад жана Баткен мамлекеттик университеттеринин базасында тил курстары ачылмакчы. Курстарга ыктыярчылар тартылып, кыргыз тилин үйрөнүүнү каалагандарга акысыз сабактар өткөрүлөт.

Ушул айдын башында президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жардык чыгарган. Анда мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча атайын жумушчу топ түзүүнү, тилди өнүктүрүү боюнча каражатты эки эсеге жогорулатууну, кыргыз тилин билүү деңгээлин аныктоо боюнча атайын тестирлөө системасын иштеп чыгууну, бул багытта атайын телеканал ачууну тапшырган болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG