Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:49

Депутаттардын сотуна тыныгуу жарыяланды


Соттук териштирүүгө адвокаттардын келбей калган себебин жана алардын лицензиясы бар-жогун териштирүү үчүн саат экиге чейин тыныгуу жарыяланды. Бүгүнкү сотто депутат Талант Мамытов адвокаттардын келбей калганына байланыштуу сотту жылдырууну сураган. Адвокаттарга ишти таанышууга аз убакыт берилгени айтылган. Соттук коллегия Мамытовдун өтүнүчүн кароо үчүн кеңешүүгө кетип, тыныгуу жарыяланды.

Жогорку Сот бүгүн өткөн жылдын 3-октябрында мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып боюнча депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин кароодо. (КЕ)

XS
SM
MD
LG