Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:23

Курманакун Матенов чек араларды кыдырууда


Чек ара кызматынын жаңы дайындалган жетекчиси Курманакун Матенов өлкөнүн түштүк аймагындагы чек аралардын абалы жана чек ара бөлүмдөрүнүн кызматтык-аскерий ишмердүүлүгү менен таанышат. Жумуш сапардын алкагында чыр чыккан чек ара аймактарына өзгөчө көңүл бурулат. Жергиликтүү бийлик жетекчилери, жергиликтүү тургундар менен жолугушуп, чек ара маселелерин биргелешип чечүү жолдорун талкуулайт. Бул тууралуу аталган кызматтын маалымат бөлүмүнөн кабарлашты.

Кыргызстан эки коңшусу - Өзбекстан жана Тажикстан менен чек арасын тактап бүтө элек. Мындан улам чек арада түрдүү чыр-чатактар көп катталат.

Курманакун Матенов Чек ара кызматына жетекчи болуп өткөн апта дайындалган. Анын бул кызматка келишин айрымдар сындап жатышат. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG