Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:37

Кыргыз-өзбек чек арасында атышуу болду


Чек ара кызматынан "Азаттыкка" кабарлашкандай, бүгүн саат он жарымга жакын Аксы районуна караштуу Жети-Загара аймагында кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Маалыматка ылайык, аймакты күзөтүп жүргөн Кыргызстандын үч чек арачысы өлкө аймагына мыйзамсыз кирип кеткен эки өзбек чек арачысын байкап калган. Аларды Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылган учурда эки тарап ортосунда жаңжал чыккан.

"Өзбекстандын чек арачылары биринчи курал колдонуп, кыргыз чек арачыларына ок атышкан. Атышуудан кошуна өлкөнүн бир чек арачысы каза болуп, экинчиси жараат алды. Кыргыз тараптан жабыркагандар жок", - деп билдирди Чек ара кызматынын маалымат каражаттары жана коомчулук менен байланышуу бөлүмүнүн башчысы Сажира Чоколоева.

Учурда чатак чыккан жерде Ош жана Жалал-Абад аймактык чек ара башкармалыгынын офицерлер тобу окуянын себептерин иликтөөдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG