Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:00

Депутаттар соту: адвокаттар убакыт сурашууда


Жогорку Сот былтыр 3-октябрда мамлекеттик бийликти басып алууга аракет жасаган деген айып менен кармалган депутаттар Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовдун ишин кароону улантууда. Тыныгуудан кийин депутаттардын адвокаттары иш менен таанышуу үчүн кеминде бир ай убакыт сурашты. Алар иш менен таанышууга жетиштүү убакыт берилген жок, жоопкерсиз мамиле болууда деп соттук коллегияны райондор аралык сотко берди.

Мамлекеттик айыптоочулар мындай дооматтарды четке кагып, иш менен таанышууга убакыт жетиштүү болгонун, ишти кароону улантууну колдоп жатышат. Учурда соттук коллегия кайрадан кеңешүүгө кирип кетти.

16-июлдагы сот отурумунда жаңы адвокаттардын иш менен таанышуусуна убакыт берилип, сот бүгүнкүгө жылдырган.(КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG