Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 05:00

Оторбаев: Кыргызстан корей ишкерлеринин келишине кызыкдар


Бул тууралуу биринчи вице-премьер-министр Жоомарт Оторбаев бүгүн Бишкекте Че Же Сонг башында турган Корея депутаттары менен жолугушкан учурда билдирди. Ал Кыргызстандын инвестициялык жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу конокторго маалымат берди.

“Кыргыз өкмөтүнүн башкы максаты жаңы жумуш орундарын ачуу. Инвесторлорсуз бул максатты ишке ашыруу мүмкүн эмес экенин түшүнөбүз. Ошондуктан инвестициялык климатты жакшыртууга, инфраструктураны өнүктүрүүгө багытталган реформалар жүрүүдө. Эки өлкө ортосундагы диалог башталды, биз аны мындан ары да уланткыбыз келет. Биз Кыргызстанга корей ишкерлеринин киришине кызыкдарбыз”, - деди Оторбаев.

Өз кезегинде Корей депутаты Че Же Сонг эки тараптуу инвестициялык долбоорлордун ишке ашуусуна салымын кошоорун билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүнөн билдиришти. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG