Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 11:36

Кыргызстан чек арадагы чатакты биргелешип иликтөөнү сунушташы мүмкүн


Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Министрликтин маалыматына караганда, учурда эки өлкөнүн Чек ара кызматтары Жалал-Абаддын Жети-Загара айылындагы кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосундагы атышуунун себептерин тактап жатышат. Анда ар бир тарап окуя боюнча өз версиясын сунуш кылмакчы. Анын жыйынтыгына жараша Кыргызстан бул окуяны биргелишип иликтөөнү сунушташы мүмкүн.

Министрликтен кошумчалашкандай, учурда Тышкы иштер министрлиги башка күч органдары менен тыгыз байланышта болуп, бул боюнча маалымат алмашып жатат.

Бүгүн саат он жарымга жакын Аксы районуна караштуу Жети-Загара аймагында кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, аймакты күзөтүп жүргөн үч чек арачысы өлкө аймагына мыйзамсыз кирип кеткен эки өзбек чек арачысын байкап калган. Аларды Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылган учурда эки тарап ортосунда жаңжал чыгып, өзбек чек арачылар ок чыгарган. Атышуудан кошуна өлкөнүн бир чек арачысы каза болуп, экинчиси жараат алды.

Бул боюнча расмий Ташкенттин позициясы азырынча белгисиз. Бирок Өзбекстандагы айрым маалымат агенттиктери кыргыз чек арачылары мас абалында ал өлкөнүн аймагына кирип, чек арачыларды атып салганын жазып чыгышты. Кыргызстандын чек ара кызматы мындай маалыматты расмий түрдө четке какты. (BkA)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG