Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

Жети-Өгүздө автобус кырсыкка учурап, 10 адам каза болду


Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда автобус кырсыкка кабылышынан 10 адам каза болуп, 4 киши жаракат алды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, кырсык бүгүн түштөн кийин райондогу Кытай деген айылдын жанында болгон. Эл ташыган автобус жолдон чыгып кетип, жол боюндагы теректи сүзгөн. Учурда кырсык болгон жерде куткаруучулар иштеп жатышат. (BkA)

XS
SM
MD
LG