Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:03

Чек ара кызматы Өзбекстанды далилсиз билдирүүлөрдү таратпоого чакырды


Кыргызстандын Чек ара кызматы Өзбек тарапты кыргыз-өзбек чек арасындагы атышуу боюнча иликтөөлөр аягына чыкканга чейин текшерилбеген, далилсиз билдирүүлөрдү таратпоого чакырды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз борборунан билдиришти. Ага ылайык, Чек ара кызматы Өзбекстандын айрым маалымат каражаттары тараткан "кыргыз чек арачылары мас абалында коңшу өлкөнүн аймагына кирип барып, чек арачыларды атып кеткен" деген билдирүүнү чындыкка коошпой турганын жарыя кылды. Буга чейин Өзбекстандагы айрым маалымат агенттиктери кыргыз чек арачылары мас абалында ал өлкөнүн аймагына мыйзамсыз кирип, ок чыгарганын жазып чыккан.

Бүгүн саат он жарымга жакын Аксы районуна караштуу Жети-Загара аймагында кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болду. Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, аймакты күзөтүп жүргөн үч чек арачы өлкө аймагына мыйзамсыз кирип кеткен эки өзбек чек арачысын байкап калган. Аларды Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылган учурда эки тарап ортосунда жаңжал чыгып, өзбек чек арачылар ок чыгарган. Атышуудан кошуна өлкөнүн бир чек арачысы каза болуп, экинчиси жараат алды. Өзбекстандын айрым маалымат каражаттары жараат алган аскердин ооруканада каза болгонун кабарлашууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG