Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:30

Болгарияда демонстранттар менен полиция кагылышты


Полиция менен кагылыш жүздөгөн демонстранттар парламенттин эшигин тороп, депутаттарды имараттардан чыгарбай койгон соң өттү. Демонстранттар “уруу-кескилер”, “отставкага” деп кыйкырышып турушту.

Мындан соң полициянын аларды кууп таратуу аракети кагылыш менен коштолду. Андан кеминде жети демонстрант жана эки полиция кызматкери жараат алды. Болгариядагы нааразылык акциялары 40 күндөн бери уланып жатат.

Евробиримдиктин мүчөсү болгон бул жарды өлкөдө күн сайын миңдеген адамдар борбор калаа Софиянын көчөлөрүнө чыгышып, социалисттер түзгөн өкмөттүн отставкасын талап кылып келишет.

Элдин кыжырын кайнаткан дагы окуя өлкөдөгү эң бай медиа магнаттын коопсуздук кызматынын төрагалыгына дайындалышы болду. Бийликти коррупцияга айыптаган жарандар бул адам кызматтан алынса да, жемкордук жана жакырдык менен күрөшүү үчүн чечкиндүү кадамдарды талап кылып, нааразылык акцияларын улантышууда.

XS
SM
MD
LG