Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:22

БУУ Сирияда 13 жолу химиялык чабуул болгонун билдирди


Бириккен улуттар уюму Сириядагы жарандык согуш мезгилинде 13 жолу химиялык курал колдонулганы тууралуу маалыматка ээ болду. Бул тууралуу БУУнун Жакынкы Чыгыштагы тынчтык сүйлөшүүлөрү боюнча чабарманы Роберт Серри Улуттар уюмунун эксперттери Дамаскка жөнөп кетээр алдында айтып чыкты. Эл аралык уюмдун куралсыздандыруу боюнча өкүлдөрү Анджела Кейн жана Оке Сельстрём бүгүн Дамаскка барышат. Алар Сириянын жетекчилиги менен химиялык куралдын колдонулушун иликтөөнүн жол-жобосун сүйлөшмөкчү.

БУУнун бул өкүлдөрү Сириянын өкмөтүнүн чакыруусу менен келишти. Сириянын бийлик өкүлдөрү эксперттердин Хан-ал-Ассал шаарына гана барышын суранып жатышат. Алардын жүйөсүндө козголоңчулар 19-мартта дал ушул шаарда химиялык курал колдонушкан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG