Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:18

Жети-Өгүздө кырсыкка учурагандардын тек жайы аныкталды


Жети-Өгүздөгү жол кырсыгында каза тапкандардын улуусу 61, кичүүсү 16 жашта болгон. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашкандай, кырсыкка учурагандардын бирөөсүнүн аты-жөнү азырынча белгисиз болууда.

Кырсыкта каза тапкандардын аты-жөнү:

1. Асанов Ж.Ж. 1970-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну, унаанын айдоочусу;
2. Мусаев Э.М. 1952-ж.т., Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
3. Калканова К.Ж. 1975-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
4. Байдылдаева А.О. 1991-ж.т., Ак-Суу районунун Кереги-Таш айылынын тургуну;
5. Нурбек уулу Эрлан. 1997-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
6. Байсеркеев У.Д. 1980-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
7. Асантаева Н.К. 1970-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
8. Тургунбекова Н.А. 1975-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
9. Жумалиев А.А. 1998-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
10. Поляков В.А. 1953-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
11. Султангазиева Ч.С. 1971-ж.т., Жети-Өгүз районунун Желе-Дөбө айылынын тургуну;
12. Мукамбетова К.Б. 1976-ж.т., Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
13. 40-45 жаштагы азиат улутундагы эркек адам.

Жабыркагандар:

1. Касенов А.Б. 1980-ж.т., Жети-Өгүз районунун Чырак айылынын тургуну;
2. Жумалиев Н.К. 1998-ж.т., Жети-Өгүз районунун Богатыровка айылынын тургуну;
3. Мамытов С.Ж. 1998-ж.т., Ош облусунун Алай районунун тургуну;
4. Супатаева А.К. 1982-ж.т., Тоң районунун Ак-Сай айылынын тургуну;
5. Касымбеков К.К. 1992-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
6. Асаналиев Ч.К. 1989-ж.т., Ак-Суу районунун Боз-Учук айылынын тургуну;
7. Шаршеева Н. 1968-ж.т., Жети-Өгүз районунун Кабак айылынын тургуну;
8. Акылбекова Г.2008-ж.т., Н. Шаршееванын кызы;
9. Абдырахманова Н. 1990-ж.т., жашаган жери такталууда.

23-июлда күндүзгү саат төрт жарымдар чамасында Караколдон Жети-Өгүздүн Кабак айылына багыт алган кичи автобус жол кырсыгына учураган. Кырсык болгон учурда 10 адам мүрт кетип, 3 адам кийин ооруканада каза тапты. Учурда 9 адам Караколдогу облустук ооруканага жаткырылды. Алардын ичинен үчөөнүн абалы оор экени айтылууда. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кичи автобустун айдоочусу катуу ылдамдыктан улам унааны башкара албай калганы кырсыкка себеп болгонун билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG