Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:37

Чек ара кызматы айрым сайттардагы маалыматтарды төгүндөдү


Podrobno.uz сайты Кыргызстандын Чек ара кызматынын жетекчилери 23-июлдагы окуя Өзбекстандын аймагында болгонун мойнуна алып, окко учкан өзбек аскери үчүн кечирим сураганын жазып чыккан. Кыргызстандын Чек ара кызматынын маалымат катчысы Гүлмира Бөрүбаева бул маалыматты төгүндөп, окуя Кыргызстандын аймагында болгонун "Азаттыкка" билдирди.

23-июлда саат он жарымга жакын Аксы районуна караштуу Жети-Загара аймагында кыргыз чек арачылары менен Кыргызстан аймагына мыйзамсыз кирген өзбек аскерлеринин ортосунда атышуу болуп, андан бир өзбек аскери каза болуп, экинчиси жараат алган. Чек ара кызматынын маалыматы боюнча, өзбек аскерлери биринчи болуп курал колдонгон. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG