Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:56

Кыргыз-өзбек чек арасындагы чатак биргелешип иликтенет


23-июлдагы Жалал-Абаддын Жети-Загара айылындагы кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосундагы атышуунун себептерин эки өлкөнүн Аскер прокуратурасы биргелешип иликтейт. Мындай чечим эки өлкөнүн Чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн кечээки жолугушуусунда кабыл алынды. Жолугушууга кыргыз тараптан Чек ара кызматынын Ош, Жалал-Абад аймактары башкармалыгынын жетекчиси, полковник Абдикарим Алимбаев, өзбек тараптан Улуттук коопсуздук кызматынын аймактык башкармалыгынын жетекчиси, подполковник Ойбек Косимов катышты. Эки тарап чатак боюнча маалымат алмашып, Алимбаев өзбек аскерлери биринчи курал колдонгонун билдирди.

23-июлда саат он жарымга жакын Аксы районуна караштуу Жети-Загара аймагында кыргыз-өзбек чек арачыларынын ортосунда атышуу болгон.
Кыргызстандын Чек ара кызматынын билдиришинче, аймакты күзөтүп жүргөн үч чек арачысы өлкө аймагына мыйзамсыз кирип кеткен эки өзбек чек арачысын байкап калган. Аларды Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүүнү талап кылган учурда эки тарап ортосунда жаңжал чыгып, өзбек чек арачылар ок чыгарган. Атышуудан кошуна өлкөнүн бир чек арачысы каза болуп, экинчиси жараат алган. (КЕ)

XS
SM
MD
LG