Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:12

Болгарияда митингчилер парламенттин имаратынан кетишти


Бүгүн Болгариянын борбору Софияда полиция парламентти аны курчоого алган демонстранттардан тазалады. Жүздөгөн манифестанттар парламенттин имаратын курчап, ал жактагы ондогон депутаттар, бир нече министр жана журналисттер сегиз саат бою имарттан чыга албай калышкан.

Экинчи күнү парламенттин имаратынын жанында чогулган манифестанттар өкмөттүн кетишин талап кылып, парламенттин жанында тосмолорду орноткон. Полиция менен кагылышууда сегиз митингчи жана эки полиция кызматкери жабыркады.

Евробиримдиктин эң жакыр өлкөсү деп эсептелген Болгарияда 41 күндөн бери өкмөткө каршы митингдер уланууда. Митингге чыккандар социалисттер тарабынан куралган өкмөткө ишеним көрсөтпөй жатышат. Алар коррупцияны жана жакырчылыкты жойгон реформаларды талап кылышууда. (AiK)

XS
SM
MD
LG