Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:18

Иракта согушчандардын чабуулунан 9 полиция кызматкери мерт кетти


Ирактын түндүгүндөгү Мосул шаарынан алыс эмес жайгашкан Башмайя деген жерде согушчандар полиция башкармалыгына чабуул жасашып, кеминде тогуз полиция кызматкери каза таап, дагы экөө жарадар болгону кабарланууда.

Согушчандар имаратты миномет менен аткылашкан. Азырынча бул боюнча эч ким жоопкерчилик ала элек, акыркы убакта өлкөдө шииттер менен сунниттердин тиреши күч алды.

XS
SM
MD
LG