Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

Кыргызстан Казакстандан кармалган малчыларды бошотууну суранды


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Казакстанда кармалып турган кыргызстандыктарды бошотууну суранганын “Азаттыкка” аталган министрликтин маалымат кызматынын башчысы Турдакун Сыдыков кабарлады.

Анын айтымында, коңшу өлкөнүн чек арасын бузду деп 11-июлдан бери кармалып турган 8 жарандын экөө бошотулуп, Кыргызстанга кайтып келди. Учурда 6 жаран Казакстанда кармалып турат. Мындан улам Кыргызстандын Алматыдагы башкы консулдугу кармалгандардын ишин мыйзам чегинде тергөөнү жана аларды бошотууну өтүнүп, Казакстанга нота тапшырды.

11-июлда Ысык-Көлдүн Түп районун Корумду айылынын 8 тургунун Казакстан "чек араны бузду" деген айып менен кармап кеткен. Кармалгандардын жакындарынын айтымында, алар мал издеп жүрүп, чек арадан өтүп кетишкен. Буга чейин кармалгандардын арасында жашы жете элек өспүрүмдүн бар экени айтылып жаткан. Бирок Тышкы иштер министрлигинен мындай маалыматты четке кагышты.(BkA)

XS
SM
MD
LG