Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:50

Кыргыз-тажик аскерий машыгуусу соңуна чыгууда


Бүгүн Кыргызстандын Коргоо министрлигинин түштүк-батыш аймактык бөлүмүнүн командачылыгы менен Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскерий машыгуусу аяктайт. Ага кыргыз тараптан Коргоо министрлигинин оперативдүү тобу, миномет бөлүгү, абадан коргонуу күчтөрүнүн тик учмалары жана башка аскердик бөлүктүн жоокерлери, Тажикстан тараптан десанттык-чабуул коюучу аскер бөлүгү катышты. Машыгуу Баткендеги №01525 аскер бөлүгүнүн машыгуу жайында өттү. Анда эки өлкөнүн аскерлери өзгөчө оор шарттарда мыйзамсыз куралдуу күчтөрдү жок кылуу боюнча биргелешкен операцияларды жүргүзүштү. (BkA)

XS
SM
MD
LG