Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:30

Көксайлыктар ЕККУдан чек араны тактоого жардам сурады


Талас облусунун Көк-Сай айылындагы талаштуу аймак боюнча көз карандысыз комиссия президент Алмазбек Атамбаевге жана Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмуна (ЕККУ) ачык кат жолдоду. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган комиссиянын катчысы Расул Насирдинов кабарлады. Алар кыргыз-казак мамлекеттик комиссиясынын сүйлөшүүлөрүнө ишенбей тургандарын белгилешип, ЕККУдан кыргыз-казак чек арасын тактоого жардам берүүсүн суранган.

- Келишимде 100 менен 99-чектин ортосу 10 чакырым 200 метр деп турат. Азыркы турушунда анча чыкпайт. Жарым чакырым казактар биздин аймакка кирип кеткен. Ал эми жүзүнчү чектен ары түштүк-чыгышты көздөй кетет деп турат, азырык убакта чек ара түндүк-чыгышка таптакыр тескери кайрылган. Мунун айынан казактар биздин эсеп боюнча келишимден сырткары дагы 500-600 гектар ашыкча алып жатат”, - дейт Насирдинов.

Буга чейин аталган айылдын тургундары 11 күн Казакстандын Жамбыл облусуна кетчү сугат сууну бууп турушкан. Алар былтыр күзүндө эки өлкөнүн жергиликтүү бийликтери кабыл алган айылдагы 2600 гектар жерди алмашуу боюнча макулдашууга каршы чыгып, мурда Таласка караган жайыт жерлерди кайра алуу талабын коюшкан.

Ушул күндөрү Бишкекте кыргыз-казак чек арасын демаркациялоо боюнча өкмөттүк комиссиялардын сүйлөшүүлөрү жабык жүрүүдө. Анда Таластагы Көк-Сай айылындагы талаштуу аймак боюнча маселе каралары айтылган. 1241 чакырымды түзгөн Кыргызстан менен Казакстандын чек арасын делимитациялоо же тактоо 2008-жылы аяктаган. Учурда эки өлкө ортосунда чек ара белгилери орнотулуп бүтө элек саналуу участоктор бар. (КЕ)

XS
SM
MD
LG