Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:54

"Адилеттик" акыйкатчылыкка Нурбек Токтакуновду сунуштады


Жалал-Абаддагы адам укугун коргоочу "Адилеттик" (Справедливость) уюму Бишкектеги "Прецедент өнөктөштүк" аттуу коомдук уюмдун башчысы Нурбек Токтакуновду акыйкатчылык кызматка сунуштады. "Адилеттиктин" башчысы Валентина Гриценко адам укугун коргоочу Нурбек Токтакуновду кесиптештери такшалган укук коргоочу, мыкты юрист, адам укугун коргоо жаатындагы тажрыйбасы мол адам катары баалашаарын жана аны өз уюмунан тышкары республикадагы 27 уюм колдогондугун билдирди. Нурбек Токтакунов 2010-жылдын июнь окуясы боюнча өмүр бою абакка кесилген укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жактоочусу болгондугу менен адам укугун коргоочуларга таанымал.

27-июнда парламент Турсунбек Акунду акыйкатчылыктан алуу чечимин кабыл алган. Бул орунга сынак жарыялап, 15-августка чейин талапкерлерден документ кабыл алынаарын жарыялаган. Турсунбек Акун парламенттин бул чечими мыйзамсыз экенин айтып сотко кайрылды.

Акыйкатчынын ордуна буга чейин “Эл аралык коргоо жана көмөктөшүү борбору” коомдук фондунун жетекчиси Акылбек Ташбулатов менен “Интербилим” уюмунун Оштогу бөлүмүнүн жетекчиси Гүлгаакы Мамасалиеванын талапкерлиги көрсөтүлгөн. (YA/КЕ)

XS
SM
MD
LG